«САНАРИП МУГАЛИМ — 2021» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 27.03.2021
  • 0

27-мартта Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледждин салтанат залында республикалык «Санарип мугалим — 2021» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

"САНАРИП МУГАЛИМ - 2021" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Сынактын жобосу 2019-жылдын октябрь айында жарыяланганы менен, пандемиядан улам анын жыйынтыгы жакында белгилүү болду.

"САНАРИП МУГАЛИМ - 2021" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

— Биз онлайн сынакты уюштуруу аркылуу заманбап педагог кандай кесиптик сапаттарга, санариптик көндүмдөргө ээ болушу керектигин көрсөткүбүз келди. Максатыбызга жеттик деп ойлойм. Жети дубандын мугалимдери ушунчалык зор кызыгуу менен берилген тапшырмаларды аткарып жатышты. Бүгүн бул жерге өлкөбүздөгү эң алдыңкы санарип мугалимдер чогулду, — дейт сынактын уюштуруучусу жана демөөрчүсү, Санарип академиясынын (IT school) жетекчиси Асылбек Мадалиев.

"САНАРИП МУГАЛИМ - 2021" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Онлайн сынакта жылдызы жанган мугалимдердин арасында Нарын облусунун Нарын районунан эки өкүл бар. Алардын биринчиси — Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, республикалык «Санарип мугалим — 2021» сынагынын жеңүүчүсү, 1-орундун ээси Иманкулова Гулина.

— Конкурстун жакшы жагы ал бизди китеп окууга багыттады. Кесибибизге байланыштуу чет элдик алдыңкы тажрыйбадан алынган китептерди окуп, билимибизди жогорулаттык. Видеосабактарды даярдап, ар кандай тапшырмаларды аткарып, санарип көндүмдөрүбүз курчуду, — дейт жеңүүчү катары диплом менен бирге Түркияга 30 пайыздык жеңилдетилген жолдомого ээ болгон нарындык санарип мугалим.

"САНАРИП МУГАЛИМ - 2021" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Конкурстун алкагында педагогика багытындагы бир топ китептерди окууга жетишкен нарындык дагы бир жаш педагог, сынакта сыймыктуу 3-орунду ээлеген Асанбеков Нурсултан өз кесибине байланышкан китептерди үзбөй окуйт.

Ал Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп эмгектенет.

"САНАРИП МУГАЛИМ - 2021" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

— Күн сайын китеп окуп турбасаң, окуучулар күткөн мугалим боло албайсың. Мен баш-аягы элүүдөй китеп окудум. Бул сынакта да алты китепти окуп, суроолорго жооп бердик. Башында алдыда келаткам, акыркы турларында бир аз убактым жетишпей калды. Мектепте тарбия завучмун. Балким ошондондур. Биз айылда «Бир адамдан бир китеп» долбоорун ишке ашырдык. Башында демилгечи болуп, өзүм турдум, — дейт Нурсултан.

"САНАРИП МУГАЛИМ - 2021" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Бишкек шаарындагы №77 орто мектебинин мугалими Аида Алтымышева, Талас облустук чет тилдер лицейинин математика мугалими Ашыккал Тагайматова жана жети облустун ар кайсы мектептеринен келишкен сынактын активдүү катышуучулары «Үлгү» кайрымдуулук фондунун ыраазычылык каттары, уюштуруучулардын дипломдору менен сыйланышты.

"САНАРИП МУГАЛИМ - 2021" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Жеңүүчүлөргө арналган концерттик программа кыргыз эстрада чеберлеринин катышуусунда кызыктуу өткөнүн да белгилей кетели.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер