САНАРИП МЕДИАНЫН ЧАКЫРЫКТАРЫ: БМУДА НЕМИС АДИСИ УЛРИКЕ РУСКА ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

  • 09.10.2026

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде белгилүү немис журналисти, жазуучу жана редактор Улрике Русканын «Трансформация шартындагы медиа ландшафт: санариптик коммуникациянын чакырыктары» аттуу темада лекция-дискуссиясы болуп өттү. САНАРИП МЕДИАНЫН ЧАКЫРЫКТАРЫ: БМУДА НЕМИС АДИСИ УЛРИКЕ РУСКА ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө медиа чөйрөсүндөгү заманбап тенденциялар, санариптик технологиялардын коммуникация тармагына тийгизген таасири жана бүгүнкү күндө журналистикада жаралып жаткан актуалдуу маселелер кеңири талкууланды. Лекцияга университеттин студенттери менен окутуучулар курамы катышып, медиа айдыңындагы акыркы өзгөрүүлөр боюнча жигердүү пикир алмашышты. САНАРИП МЕДИАНЫН ЧАКЫРЫКТАРЫ: БМУДА НЕМИС АДИСИ УЛРИКЕ РУСКА ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

Иш сапарынын алкагында Улрике Руска БМУнун илимий иштер боюнча проректору Гүлнара Мурзахмедова жана эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору Фархад Тологонов менен жолугушуп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү