САНАРИП ДООРУНДАГЫ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ УСУЛДАРЫ

  • 02.11.2022
  • 0

Ушул тема боюнча ЖОЖдор аралык илимий семинарды 3-ноябрда И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата улуу инсандын ысымын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында окуу жайдын Чет тилдер институту өткөрөт.  

Баяндамалар: Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, «Заманбап илимий изилдөө усулдары» (онлайн).

Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу, Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаев, «Илимий изилдөөнүн санариптик усулдары»

Семинар кыргыз, орус, англис тилдериндеги жүрөт.

Алып баруучу: Чет тилдер институтунун Котормо таануу кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доц. Гүлсайра Ибраимова.

 

Өз кабарчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер