САНАРИП БИЛИМ: ЭЛЕКТРОНДУК ЖУРНАЛ ЖАНА КҮНДӨЛҮК
- 23.10.2024
- 0
Ноябрдан баштап мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет. Колдонмо ачык-айкындуулукту жогорулатууга, мектеп, окуучулар жана алардын ата-энелери ортосундагы өз ара байланышты жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Билим берүү жана илим министрлиги электрондук күндөлүккө кирүү билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн толугу менен акысыз болот деди. Ошондой эле тиркемени 11-ноябрдан тарта уюлдук телефон же компьютер аркылуу жүктөп алса болорун билдирди.
Министрдин орун басары Муратбек Касымалиевдин төмөндөгү макаласында бул эки системанын өзгөчөлүктөрү кеңири берилет.
Электрондук журнал жана электрондук күндөлүк мектептик билим берүүдө колдонулган эки маанилүү санариптик инструмент.
Окуу процессин толук автоматташтыруу жана маалымат жеткиликтүүлүгү
- Электрондук журнал жана электрондук күндөлүк бириктирилгенде, бардык маалыматтар бир платформада чогултулуп, бирдиктүү санариптик система катары иштейт.
- Мугалимдер бир гана система аркылуу бааларды киргизип, окуучулардын сабакка катышуусун белгилейт. Ал эми окуучулар жана ата-энелер өз маалыматтарын ошол эле платформада реалдуу убакыт режиминде көрө алат.
- Мындай бирдиктүү колдонуу маалыматтардын ырааттуулугун жана туруктуулугун камсыз кылат, маалыматтык каталарды азайтат, окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатат.
Маалыматтык ачыктык жана тез байланышты камсыз кылуу
- Электрондук журналда мугалимдер сабакка катышуу жана баалоо сыяктуу маалыматтарды киргизип, аларды автоматтык түрдө электрондук күндөлүккө жиберип, окуучулар жана ата-энелер менен бөлүшө алат.
- Бул окуучулардын жетишүүсүнө жана сабакка катышуусуна карата ачыктыкты жогорулатып, ата-энелердин окуу процессине активдүү катышуусун камсыздайт.
- Электрондук күндөлүк аркылуу мугалимдер окуучуларга жана ата-энелерге ар кандай билдирүүлөрдү, эскертмелерди жана тапшырмалар жөнүндө маалыматтарды жибере алышат. Мындай тез байланыш натыйжалуулукту жана өз убагында маалымат жеткирүүнү жакшыртат.
Маалыматтардын синхрондоштурулушу жана ар тараптуу отчёттуулук
- Бирдиктүү система маалыматтарды синхрондоштуруп, ар түрдүү колдонуучулар үчүн ыңгайлуу интерфейсти камсыз кылат. Мисалы, мугалимдер киргизген баалар жана катышуу маалыматтары автоматтык түрдө электрондук күндөлүккө чагылдырылып турат.
- Мектеп администрациясы жалпы окуу процесси боюнча ар тараптуу отчётторду жана талдоо жүргүзө алат. Бул мугалимдерге, ата-энелерге жана окуучуларга окутуунун жүрүшү тууралуу маалыматты заматта көрүүгө жана ага ылайык иш-аракеттерди пландаштырууга жардам берет.
Процессти автоматташтыруу жана убакытты үнөмдөө
- Электрондук журналдагы автоматташтыруу функциялары (баалар киргизүү, катышууну белгилөө) жана электрондук күндөлүктөгү пландаштыруу функциялары биригип, мугалимдердин күнүмдүк иштерин жеңилдетет.
- Мугалимдерге жана администрацияга отчётторду түзүүгө кетүүчү убакыт кыскарып, алар сабактарды пландаштырууга жана окуучулар менен иштөөгө көбүрөөк убакыт бөлө алышат.
Бирдиктүү системанын компоненттери жана функциялары
- Маалыматтардын ырааттуулугун камсыз кылуу
- Электрондук журналдагы ар бир сабак үчүн баалоо жана катышуу маалыматтары автоматтык түрдө электрондук күндөлүккө түшөт. Бул ата-энелерге жана окуучуларга жеткиликтүү болуп, окуу процессинин ачыктыгын камсыздайт.
- Окуучулар жана ата-энелер маалыматтарды бирдиктүү платформадан көрө алышат, бул күнүмдүк окуу тапшырмаларын пландаштырууга жана даярданууга жардам берет.
- Пландоо жана коммуникация функциялары
- Электрондук күндөлүктө сабактардын расписаниесин жана үй тапшырмаларын пландаштырууга болот. Мугалимдер бул маалыматтарды бир жолу киргизгенде, алар автоматтык түрдө электрондук журналга синхрондошуп, отчёттуулук үчүн колдонулат.
- Мугалимдер менен ата-энелер ортосундагы коммуникацияны камсыз кылуу үчүн электрондук журналда жана күндөлүктө билдирүүлөр, эскертмелер жана чаттар сыяктуу функциялар бар.
- Аналитикалык мүмкүнчүлүктөр
- Бирдиктүү система окуучулардын жетишүүсү жана сабакка катышуу боюнча ар түрдүү аналитикалык отчётторду түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул мугалимдерге сабактардын жыйынтыктарын баалоого, көйгөйлөрдү аныктоого жана аларга чара көрүүгө жардам берет.
- Мектеп администрациясы окуу процесси боюнча жалпы статистиканы анализдеп, мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалай алат жана окутуу процессин пландаштыра алат.
Жыйынтык
Электрондук журнал жана электрондук күндөлүктү бирдиктүү колдонуу мектептердин санариптештирүү процессин жаңы деңгээлге чыгарат. Бул окуу процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатат, мугалимдердин жана администрациянын жумушун оптималдаштырат, ата-энелерди жана окуучуларды билим берүү процессине активдүү тартууга жардам берет. Бирдиктүү санариптик система окуунун сапатын жогорулатуу жана билим берүү экосистемасын толук кандуу санариптештирүү үчүн негизги курал болуп калат.
Комментарийлер