“САНАРИП БИЛИМ БЕРҮҮ. КЕЛЕЧЕК ГОРИЗОНТТОРУ” ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

  • 09.12.2020
  • 0

8-9-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы “Санарип билим берүү. Келечек горизонттору” эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүүдө.

Конференция БРИТА “Алтын түйүндүн” 60 жылдыгына арналган. Конференциянын максаты – Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде санарип билим берүү боюнча топтолгон практикалык тажрыйбаны жана илимий изилдөөлөрдү кеңири жайылтуу, окуу процессине маалыматтык жана компьютердик технологияларды ишке ашыруу.

Конференцияга катышууга Кыргызстандагы Россия, Казакстан, Украина, Белоруссия, Турция жана башка өлкөлөрдөн ЖОЖдордун окутуучулулары, илимпоздору, илимий-изилдөө институттарынын адистери, мектеп жана мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдары, кесиптик-техникалык окуу жайларынын өкүлдөрү чакырылган.

Конференциянын катышуучуларынын мыкты илимий иштери РИНЦ илимий-метрикалык тутумуна кирген И.Раззаков атындагы КМТУнун Кабарлары («Известия КГТУ им. И.Раззакова») журналынын илимий эмгектеринин жыйнагына, ал эми бардык макалалар БРИТА “Алтын түйүндүн” материалдар жыйнагына жарыяланат.

Бүгүнкү күндө үч бөлүм боюнча илимий-практикалык конференцияга 114 адам катышып жатат:

  • 1-бөлүм: «Билим берүү чөйрөсүндө санариптик компетенттүүлүктү өнүктүрүүнүн чечимдери жана ыкмалары» — 32 адам;
  • 2-бөлүм: «Аралыктан билим берүү байланышы» — 34 адам;
  • 3-бөлүм: «Аралыктан окутуу программаларын, мектепте жана кошумча билим берүү аянтчаларын түзүү жана ишке ашыруу тажрыйбасы» — 48 адам.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын 16 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү жана 15 эл аралык жогорку окуу жайлары катышууда. Алардын ичинен 12 илимдин доктору, 16 илимдин кандидаты, 3 илимий изилдөөчү, аймактык институттардын жетекчилери, аймактык усулдук борборлор, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын орун басарлары, директорлор жана мектеп, кесиптик лицейлердин мугалимдери.

8-декабрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К. Омуровдун катышуусу менен пленардык отурум өттү. 9-декабрда бөлүмдөр боюнча иш жүрөт. Эл аралык конференция  виртуалдык Zoom жана bbb.rdita.kg платформаларында өткөрүлүп, түз эфирде YouTubе’да көрсөтүлөт. Түз эфирге шилтеме БРИТА “Алтын түйүндүн” www.rdita.kg сайтында жайгаштырылган.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер