САМАРКАНД САПАРЫ: БИРИНЧИ АЙЫМ «IMKON» РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОРУНУН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ
- 22.10.2026
- 0
Биринчи айым Айгүл Жапарова Өзбекстандын, Ливандын, Пакистандын, Түркиянын, Зимбабвенин биринчи айымдары жана башка ардактуу коноктор менен биргеликте Самарканд шаарында реабилитациялык борбору бар «IMKON» көп тармактуу адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу биринчи айымдын социалдык тармактагы расмий баракчасында кабарланды. 
Иш-чара «Балдардын жыргалчылыгына инвестициялар: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүү жолу» аттуу Бүткүл дүйнөлүк саммиттин жана Балдар онкологиясы боюнча II Эл аралык конгресстин алкагында уюштурулду.
Өзбекстанда түзүлгөн «IMKON» мамлекеттик адистештирилген борборлорунун тармагы балдарды мектепке чейинки билим берүү, коррекциялык-педагогикалык колдоо, комплекстүү реабилитациялоо, психологиялык коштоо жана социалдык адаптациялоо багыттарын бир мекемеге бириктиргени менен өзгөчөлөнөт. 
Борбордун ишмердүүлүгү эки негизги багытта жүргүзүлөт:
Мектепке чейинки билим берүү — 2 жаштан 7 жашка чейинки балдарга арналган болуп, окутуу жана тарбиялоо жеке коррекциялык жана реабилитациялык чаралар менен тыгыз айкалыштырылат.
Амбулатордук багыт — ата-энелерин же мыйзамдуу өкүлдөрүн коштоосунда курстук реабилитациядан өтүүчү 2 жаштан 18 жашка чейинки балдарга эсептелген.

Сапардын жүрүшүндө жогорку мартабалуу конокторго мекеменин иши тууралуу кенен маалымат берилип, балдардын өнүгүүсү үчүн колдонулуучу дарылоо физкультурасы, акватерапия, майда моториканы өнүктүрүү, сенсордук интеграция, музыкалык терапия жана жомок терапиясы сыяктуу заманбап терапия ыкмалары көрсөтүлдү.
Учурда өлкө боюнча беш мекемени камтыган бул борборлордун негизги максаты — балдарды адистештирилген жардам менен камтууну кеңейтүү гана эмес, алардын жеке өнүгүүсүнө, өз алдынчалыкка жетишине жана коомго социалдык адаптациялануусуна көмөктөшүү. Мекемелердин ишмердүүлүгү толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат. 
Борбордун шарттары менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашкандан кийин биринчи айымдар балдар үчүн түзүлгөн шарттарга жогорку баа берип, бул гумандуу башталгычтын мындан аркы ийгиликтүү улантылышына каалоо-тилектерин билдиришти.
Иш-чаранын соңунда кичинекей тарбиялануучулар ардактуу конокторго өз колдору менен жасаган эстелектик белектерин тартуулашты.
А.К., «КБ»