ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОШМУ СТУДЕНТТЕРИ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

  • 19.12.2022
  • 0

Самарканд мамлекеттик медициналык институтунун демилгеси менен медициналык багыттагы жогорку окуу жайлар арасындагы студенттер үчүн “Самарканд-2020” III Эл аралык олимпиадасы болуп өттү.  

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОШМУ СТУДЕНТТЕРИ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

Самарканд шаарында өткөн олимпиадага ОшМУ медицина факультетинин атынан 11 студент катышып, 35 предмет боюнча билимин сынады. Жыйынтыгында, Курманбек уулу Эмир 1-орунду, Мирсултан Ракыпов 2-орунду, Маматибраим уулу Эрмек, Токтосун кызы Нуриза, Айбек уулу Бекислам, Эркин кызы Айтолкун 3-орунду ээледи. Ал эми команданын видеоролиги жалпы командалалар арасында мыкты деп табылып, 1-орунду багындырды.

Айгерим Токтобрева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер