САЛТТУУ КУРСТАР ДИСТАНТТЫККА ӨТҮҮГӨ ДАЯР

  • 21.04.2020
  • 1

Дүйнө жүзүн сестенткен коронавирус илдети Кыргызстанга да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Бактыга жараша өлкө башчыбыз бул кырдаалга өз мезгилинде чара көрүүнү колго алды. Ош шаарына киргизилген карантиндик абалга карабастан биз Билим берүү жана илим министрлигинин берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, РИПК и ПК менен биргеликте ишибизди дистанттык формага өткөрүү багытында иштөөгө багыт алдык.

Ош облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары А.Бабакулованын берген маалыматына таянсак, Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, көрсөтмөлөрүн райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жиберип, онлайн сабактарды өтүүсүнүн шарттары менен таанышып, түрдүү программаларды өздөштүрүүгө, республикалык «Санарип педагогика» сынагынын жобосун, көрсөтмөлөрүн жеткирүүгө күч-аракеттерин жумшап жатышат.

— Инститтун кызматкерлери функционалдык милдеттерибиз боюнча аралыктан иштөөгө өттүк, аткарган иштерибиз боюнча апта сайын zoom программасы боюнча байланыш жүргүздүк. Негизги милдетибиз болгон мугалимдердин билимин жогорулатуу боюнча РИПК и ПКнын дистанттык курс өтүү боюнча көрсөтмөлөрүн аткарууга алуу үчүн райшаарББларга жиберип, көзөмөлгө алдык. Институттун план-графигинин негизинде апрель айында өтүүчү курстарыбызды аралыктан өтүү үчүн тынымсыз аракеттер жүргүзүлүп, электрондук лекциялар иштелип чыкты. Көптөгөн аракеттерибиздин натыйжасында салттуу өтүүчү пландагы курстарыбызды дистанттык түрдө өткөрүүгө даяр болдук. Андан сырткары дистанттык курсту өтүүнүн алгоритми иштелип чыкты. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун эки жумалык окуу-тематикалык планы жана курстун расписаниеси даярдалды. Бул боюнча эгерде Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан курсту өтүүгө уруксат берилсе биз курсту өтүүгө даярбыз, — дейт Асида Бабакулова.

Институттун кызматкерлери дистанттык түрдө курстарды өткөрүүгө материалдарды даярдоодон сырткары өздөрү кураторлук кылган сегиз район, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен окуу-методикалык кабинеттердин кызматкерлери менен, жана жалпы 7000ден ашуун мугалимдер менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Түрдүү жагдайларда жаралган көйгөйлөрдү өз жеринде чечүүгө көмөктөшүп жатышат.

— Биздин институттун кызматкерлери облусубуздун аймактарындагы мугалимдерден өз предметтери боюнча атайын группаларды ачып, мугалимдердин медиа сабаттуулугун ачуу багытында чоң иштерди аткарып жатышат. М: институтубуздун кыргыз тили жана адабияты кабинетинин башчысы Раимкулова Чынара республикабыздын аймагындагы Нарын, Кара-Көл, Кара-Буура, Лейлек, Баткен, Кадамжай, Ала-Бука аймактарынан жана Ош облусунун райондорунан 500дөн ашуун мугалимдерди түрдүү программалар менен иштөөгө үйрөтүп, эжекеге ыраазычылык каттарды жиберишкен. Ал эми тарых кабинетинин башчысы Ураимова Эңсегүл облустук мыкты “Санарип мугалим” сынагына катышууга катталган 25 тарых мугалимдеринин эмгектерин, сабактарын карап, тарых предмети боюнча 11 ватсап группа түзүп иштеп жатат.

Гаипова Инабат “480 саат Ош облусу” деген группа ачкан. Анда сегиз райшаардык методкабинеттеринин усулчулары жана башталгыч класстар мугалимдери камтылган. Гаипова башталгыч класс мугалимдерине медиа сабаттуулук, видеосабактарды тартуу, зуум менен видеоконференцияларды өтүү боюнча иш алып барууда. Ошондой эле башталгыч класстарга берилген телесабактарды үзгүлтүксүз көрүү менен орун алган көйгөйлөрдү ордунда чечүүгө сунуш берүүдө, — дейт директордун орун басары.

Мектепке чейинки мекемелер боюнча Кудайкулова Жамила облустагы тарбиячылар группаларында иш алып барууда, Гаипова Инабат экөө республикалык 480 саат группасында да иштеп жатканы маалым болду.

Институттун алдыңкы кызматкери Аматов Советбек тарабынан ата-энелерге кайрылуу жазылып, массалык маалымат каражаттарынын түрдүү багыттары боюнча жалпы ата-энелерге жеткирилди. Облустагы мектеп жетекчилеринин жана түштүк региондук пилоттук инновациялык мектептердин директорлору, ОББларын камтыган группаларда да аралыктан иштеп, көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө көмөктөшүүдө.

Өзбек тили жана адабияты кабинетинин башчысы Номанова Зульфия Ынтымак телеканалында окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн телесабактарды тартуу иштерине жакындан жардам берүүдө.

Азыркы күндө бардык предметтер боюнча ватсап группаларда райондордогу мугалимдер менен тыгыз байланышта иш жүрүп жатат. Жогоруда айтылган иштерди бардык кабинет башчылары, усулчулар жүргүзүп жатышат жана бул иштерге облустун бардык аймактарынын, бардык предметтер боюнча мугалимдери тартылган. Институттун кызматкерлери аткарган иштери, айтылган көйгөйлөр боюнча атайын убактылуу журнал, күндөлүк китепчелерди ачып, жазуу түрүндө жүргүзүп жатышат.

Институтта атайын ыкчам байланыш топтору уюштурулуп, топтун психологу Б.Алиевага Ош облусунан эмес, жалпы эле Кыргызстандын бардык аймактарынан ата-энелерден кайрылуулар болуп, өз убагында консультацияларды алып жатышат.

Институтта ОшБИ деген аталыштагы Ютуб канал ачылып, облустагы институттун кызматкерлеринин жардамы менен даярдалган чыгармачыл мугалимдердин сабактары жүктөлүп баштады.

Инновациялык иштер бөлүмү тарабынан мурда иштелип чыккан облустук мыкты «Санарип мугалим» жана «Мыкты санарип жетекчи» сынагынын жобосун аткарууга алууда иштелип чыгып, мыкты сабактардын сынагы жүрүп жатат.

— Бүтүрүүчүлөрдүн даярдыктарын үзгүлтүккө учуратпоону камсыздоо, аттестат, күбөлүктөрдү даярдоо, паспорт берүүгө тизме берүү сыяктуу иштерди аткаруу максатында райшаарББлардын адистери менен атайын группаларда аралыктан иштеп жатабыз. Мындан сырткары БУУнун азык-түлүк программасынын, Мерсико эл аралык уюмунун учурдагы иш-аракеттери боюнча да группалар түзүлгөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөлөрүн өз ишибизде толук жетекчиликке алуу менен биздин институттун кызматкерлери элибиздин башына түшкөн кыйын кезде жалпы мугалимдерге, ата-энелерге, окуучуларга моралдык жактан толук колдоолорду көрсөтө бермекчи, — дейт А.Бабакулова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер

Тамара / 21.04.2020 15:13
Урматтуу Ош областтык билим беруу институтунун жааматы, ишиниздерге ийгилик, азаматсынар!