Салижан Жигитовдун эки китеби жарык көрдү
- 15.10.2024
- 0
Адабиятчы Салижан Жигитовдун прозалык чыгармаларынан турган «Күн тууду» жана поэзиялык чыгармалары чогултулган «Шуулдаба терегим, теректерим…» деген эки китеби жарык көрдү.
Китептердин бет ачары 14-октябрда Бишкекте болуп өттү. Иш-чарага акын-жазуучулар, адабиятчылар жана Салижан Жигитовдун жакындары катышты.
Калемгердин «Күн тууду» аттуу повести 1977-жылы “Мектеп” басмасынан өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.
2001-жылы журналист, публицист Алым Токтомушевдин «Салижан Жигитовдун сабактары» аттуу китеби жарык көргөн.
Кыргыздын көрүнүктүү сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын (ал кездеги Кыргыз АССРинин) Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Көлдүк айылында туулган.
Ал 1995–96-жылдары «Азаттык» үналгысынын Бишкек бюросун да жетектеген.
Салижан Жигитов 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында оорунун айынан каза болгон. Маркумдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.
Комментарийлер