АКЫРКЫ КОҢГУРОО – ЖАҢЫ ЖАШООНУН БАШАТЫ
- 30.05.2025
- 0
26-май күнү Мамыт Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Салибай Шатманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү.
Иш-чара өзгөчө жасалга, куттуктоолор жана жылуу сөздөр менен коштолду. Салтанатка райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, мектеп жамааты, ардагер мугалимдер, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Майрам концерттик программа менен коштолуп, окуучулардын чыгармачылык өнөрлөрү, ыр-бийлери жана куттуктоолору катышуучуларга жакшы маанай тартуулады.
Сахнада айрыкча бүтүрүүчүлөргө арналган куттуктоолор жана мугалимдердин ак баталары жүрөккө жеткиликтүү айтылды.
«Көк мелжиген ашуулардан ашкыла,
Тор кыядан кылдат, аяр баскыла.
Ак эмгегин актап тууган элиңдин,
Мээнетиңди журтуң үчүн чачкыла.
Кереметтүү күчү менен билимдин,
Келечектин дарбазасын ачкыла – урматтуу бүтүрүүчүлөр!» – деген тилектер менен мугалимдер жамааты жаштарды келечекке узатты.
20 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн эсте каларлык белек
Салтка айланган демилге менен мектепти 20 жыл мурда бүтүргөн бүтүрүүчүлөр мектепке өз салымдарын кошту. Алар заманбап үлгүдөгү сырткы кирүү дарбазасын орнотуп беришип, мектеп инфраструктурасын жакшыртууга көмөк көрсөтүштү. Ошондой эле 20 жылдык бүтүрүүчү Абдылдаева Бегайым Тоялиевна мектепке улуттук колориттеги 10 даана кыздар үчүн майрамдык форма белек кылды.
Демөөрчүлөр тарабынан окуучуларга чоң колдоо
Мектепте окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында жыл сайын предметтик олимпиадалар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө стипендиялар ыйгарылат. Бул стипендияларга демөөрчүлүк кылган айыл тургундары – Токонов Тургуналы атанын үй-бүлөсү, Калыбеков Бактыбек агай, Анарбаева Саламат эже, жеке ишкерлер Оторбаев Сапаралы жана Абышов Бекболсун, ошондой эле ЖАМУнун тарых мугалими жана мектептин бүтүрүүчүсү Анарбекова Венера Эркинбековна – өз салымдарын кошуп, окуучуларга стимул болушту.
Мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспердиев Абдыжалил атанын фондунун негизинде мектептин алдыңкы патриот жана спорттук мелдештерде ийгилик жараткан окуучулар үчүн колдоо көрсөтүлүп келет.
Ыраазычылык жана тилек
Мектеп жамааты жана жетекчилиги билим берүү системасына салым кошкон бардык демөөрчүлөргө, бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге чын ыкластуу ыраазычылык билдирип, “учкан уя – мектепти колдоо жана анын окуучуларына дем берүү – келечек муунга кам көрүү дегендик. Бул – эң жакшы стимул гана эмес, изилдөөгө жана өнүгүүгө жол ачкан баалуу кадам”- деген пикирин айтты.
Асанова Нурзат Бокоевна,
Салибай Шатманов атындагы №39 Кызыл-Жар жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстар мугалими.
Комментарийлер