САДЫР ЖАПАРОВ: “ МАМЛЕКЕТТИН БОЛОЧОГУ ҮЧҮН “АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ МААНИЛҮҮ”
- 01.09.2023
- 0
Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде 25-августта ачылган Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» Президенттик лицейи мамлекеттин болочогу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
— Башкы максатым — өлкөдөгү таланттуу, зирек, акылдуу балдар-кыздарды чогултуп, аларды 7-класстан баштап мектепти бүткөнгө чейин окутуп, ошол мектептен жогорку окуу жайларга жиберүү. Окууну бүткөндөн кийин ар бирин калтырбай мамлекеттик иштерге тартуу максатын көздөп турам. Антпесек Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери кадр даярдоо дегенди унутуп койгон. Тааныш-билиш, тууган-урук, жердешчилик жака ооп кеткенбиз. Биз фундаментинен баштап даярдайлы деп жатабыз. Ошондо гана Кыргызстандын келечегин бир кылым алдын ала көрө билген, келечегин аныктай ала турган кадрларды даярдап чыгабыз. Бул биздин мамлекеттин келечеги үчүн абдан маанилүү. Мен мактангандай болбоюн. Мамлекетибиздин эмне болорун, кайсыл жол менен кетсек түз жолго түшөрүн, 20-30 жыл алдын ала көрө билген жагым бар. Алдын ала айткандарым дайыма туура келип калат. Бул мага Кудай тарабынан берилген сезим болсо керек. Негизи ар бир адамда мындай алдын ала сезимдер. Учурда болуп жаткан жагдайларды көрүр туруп эле келечеги кандай болорун божомолдоп койсоң болот», — деди президент.
Эскерте кетсек, республика боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, «Акылман» президенттик лицейи» Чолпон-Ата шаарында түзүлгөн.
Президенттик лицейдин ачылыш аземинде өлкө башчы өзгөчө таланттуу балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары саналарын айтып, мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен зээндүү балдардын акыл, ой-чабыттарын ачып, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагындагы гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым кошорун баса белгилеген.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер