САДЫР ЖАПАРОВ: “ЧӨНТӨК  ТЕЛЕФОН ОКУУ ПРОЦЕССИНЕ ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗИП ЖАТАТ”

  • 14.03.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйында өлкө башчы мектептерде чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну баса белгиледи.

САДЫР ЖАПАРОВ: “ЧӨНТӨК  ТЕЛЕФОН ОКУУ ПРОЦЕССИНЕ ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗИП ЖАТАТ”

Мамлекет башчысы мектептерди санариптештирүү процессин тездетүүнүн жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мектептерде чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды. Садыр Жапаров  мектеп окуучуларын окуу процессинен алаксыткан чөнтөк телефондордун пайдасы жана зыяны тууралуу кеңири коомдук талкууну жайылтууга чакырды.

Президент билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын чөнтөк телефондорду колдонуусу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканына көңүл буруп, окуучулардын ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер