САДЫР ЖАПАРОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БОЛОТБЕК КУПЕШЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 03.06.2021
  • 0

Президент  Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды.

Илимий кадрдык потенциал, билим берүү системасын санариптештирүү, билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо, ошондой эле бул тармактын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды.

САДЫР ЖАПАРОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БОЛОТБЕК КУПЕШЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ

Мамлекет башчысы баланын инсан катары калыптанышындагы маанилүү этап болгон жетилүүнүн жана мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал балдарды кичинесинен активдүү кылып өстүрүү алардын өнүгүшү үчүн жакшы негиз, мектепте, андан аркы кесиптик билим алууда ийгиликтүү окуусунун жана иштеп кетүүсүнүн кепилдиги болорун кошумчалады.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын андан ары өркүндөтүүгө жана жүзөгө ашырууга өбөлгө боло турган артыкчылыктуу багыттарды, натыйжалуу уюштуруучулук жана педагогикалык шарттарды аныктоо зарылдыгын белгиледи.

САДЫР ЖАПАРОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ БОЛОТБЕК КУПЕШЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ

Мындан тышкары, айрым ата-энелерден келип түшкөн арыз-даттанууларды эске алуу менен, Мамлекет башчысы мектептерде электрондук кезекке тургузуу тутумун өркүндөтүү, бул процессти мүмкүн болушунча, айрыкча, Бишкек шаарында натыйжалуу жана ачык-айкын жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Жалпысынан билим берүү системасынын деңгээлин жана ага болгон элдин ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү. Ошондой эле негизги баалуулуктарды, руханий багыт жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыктын  талаптарын,   мектеп окуучуларынын жана жаштардын Руханий-адеп-ахлактык  жактан өнүгүү жана дене тарбия концепциясын ишке ашыруу алкагында билим берүү стандарттары кайрадан каралып жатканын, заманбап талаптарды эске алуу менен этика, эстетика, дене тарбия  жана мектепке чейинки жаштагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди  тарбиялоо боюнча предметтер киргизилгенин маалымдады.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги спортту өнүктүрүү боюнча «Мектеп лигасы» долбоорун иштеп чыгууда, анда футбол, баскетбол жана волейбол сыяктуу артыкчылыктуу спорт түрлөрү аныкталган. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында турган маанилүү милдеттердин бири — бул өлкөнүн жогорку окуу жайларын сапаттуу өзгөртүү болуп саналат.

Ошондой эле Болотбек Купешев Россия Федерациясынын жардамы менен тургузула турган орус тилдүү мектептердин долбоорун ишке ашыруу кайсы деңгээлде экендигин билдирди.

Аларды тургузуу үчүн тогуз калктуу конушта жер тилкелери аныкталган. Биринчи этапта Ош, Каракол шаарларында жана Чүй облусунун Сокулук районунда үч мектептин курулушун баштоо чечими кабыл алынган.

Андан кийин курулуш иштери Баткен облусунун Баткен шаарында, Талас облусунун Манас районунда, Нарын облусунун Нарын шаарында, Жалал-Абад шаарында, Ош облусунун Өзгөн районунда жана Бишкек шаарындагы калктуу конуштардын биринде башталат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министрине Кыргызстандагы илим жана билим берүү чөйрөсүн мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер