САДЫР ЖАПАРОВ: “БАЛДАРЫБЫЗДЫН КАМКОРДУГУ — ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИБИЗ”

  • 25.08.2023
  • 0

Бүгүн «Акылман» Президенттик лицейинин ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда болуп өттү.  

САДЫР ЖАПАРОВ: “БАЛДАРЫБЫЗДЫН КАМКОРДУГУ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИБИЗ”

Анда өлкө башчы Садыр Нуркожоевич өлкө аймагындагы өзгөчө таланттуу балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары саналарын айтып, мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен зээндүү балдардын акыл, ой-чабыттарын ачып, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагындагы гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым кошорун баса белгиледи.

Көзү менен эмес, көөдөнү менен кыргыз элинин эртеңки келечегин көрө билип, акылын азык, каруусун казык кылып акыл калчап, жети өлчөп, бир кесип иш кылган Кыдыр аке, Тилекмат аке, Кадыр аке, Садык аке, Сарт аке, Мойт аке, Карач аке жана башка кайталангыс калк каймактарынын көчү улансын деген асыл максат, изги тилебизди ишке ашырууга кадам жасаганы турабыз. Тагыраак айтканда, Ысык-Көлдүн жүрөгү болгон касиеттүү Чолпон-Ата шаарында таланты ташкындаган, шык-жөндөмү менен айырмаланган республиканын булуң-бурчунан атайын сынак менен тандалып алынган зээндүү балдарыбыздын башын бириктире турган “Акылман” лицейи келечек ээлерине эшигин кеңири ачып турган маалы. Билим берүү тармагындагы мына ушундай мыкты саамалык менен жалпы кыргызстандыктарды жана сиздерди чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Чындыгында, өлкөбүздө өзгөчө шыктуу балдар арбын. “Кут бир келет, бакпасаң кетип калат, бак бир конот, үйлөсөң өчүп калат” деп учурунда Жусуп Баласагын агабыз таамай белгилегендей, дал ошондой шык, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарыл. Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси илимде дагы өтө актуалдуу болуп турган учуру. Өлкөбүздүн булун-бурчунда байкалбай жүргөн зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат. Биз, ар дайым “Балдар –биздин келечегибиз” деп айтып келебиз. Эми айтып эле тим болбой, “Акылман” лицейин түптөп, алдыга койгон максатыбызды ишке ашыруу менен жалпы мектептерде ар бир окуучунун талантын ачууга, алардын катарынын көбөйүшүнө өбөлгө бололу деген ниетте турабыз.  Бул максатта мектеп окуучулар арасында ар кандай кароо- сынактарды, билимин аныктоочу олимпиадаларды системдүү түрдө уюштуруп туруу негизги иш-чарага айланышы зарыл, — деди президент.        

Бөлүшүү

Комментарийлер