САБАТТУУЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 10.09.2023
  • 0

САБАТТУУЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИАксы районундагы мектептерде 8-сентябрь —  Сабаттуулук күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Мугалимдер жана ата-энелер жат жазуу жазды. Атайын сабаттуулук темасында слайд-презентациялар даярдалып, интернет булактары аркылуу жайылтылды.
Окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрү эске алынып, тарбиялык сааттар, кереге кеңештер уюштурулуп, сабаттуулуктун жашоодогу өзгөчө орду тууралуу талкуулар, сынактар өткөрүлдү. Сабаттуу болуу санариптик доордо да өтө маанилүү экендиги белгиленди.

Уулжан ЖАНУЗАКОВА,
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу

Бөлүшүү

Комментарийлер