«САБАТТУУ БОЛ» АКЦИЯСЫНА КАТЫШКЫЛА

  • 26.04.2019
  • 0

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Сабаттуу бол” акциясын өткөрөт.

"САБАТТУУ БОЛ" АКЦИЯСЫНА КАТЫШКЫЛА

Акция жат жазуу түрүндө өткөрүлүп, китеп окууга, сабаттуу жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатын көздөйт. Ага республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катыша алат.

Катышуучуларга акцияны өткөрүп жаткан мекеменин мөөрү басылган кагаздар таратылат. Текст үч жолу угузулат. Биринчи тексттин маанисин түшүнүү жана пунктуациялык белгилерди коюу үчүн окулат. Экинчи жолу жат жазуу үчүн окулат. Үчүнчү жолу каталарды оңдоо үчүн окулат. Жат жазуу белгилүү инсандар тарабынан окулат. Ал эми жат жазуунун тексттери катышуучуларга алдын ала берилбейт, жат жазуу башталар алдында конвертке салынган бир нече тексттин ичинен тандалып алынат.

Жат жазуунун жыйынтыгы купуя код аркылуу mamtil.kg сайтына жайгаштырылат. Сабаттуу жазган катышуучу жеңүүчү деп табылып, диплом менен сыйланат.

“Сабаттуу бол” акциясынын урааны – “Сабаттуу болуу – заманбап жашоонун талабы!”.

Акция республика боюнча 2019-жылдын 15-майында өткөрүлөт.

Акцияга катышууну каалагандар mamtil.kg сайтынан же 0312 315773, 0312 315840, 0551996517 номерлери аркылуу толук маалымат алса болот.

 

 

Республикалык «Сабаттуу бол»  акциясынын жобосу

 

(2019-жылдын 15-апрелинде КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилген)

 

  1. Жалпы жоболор
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” ылайык мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия акция өткөрөт.
  3. “Сабаттуу бол” чакырыгы китеп окууга, сабаттуу жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатын көздөйт. Ага республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катыша алат.
  4. Акциянын максаты
  5. 1. Мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыт берүү жана сабаттуу болууга үндөө.
    • Калктын тил, жазуу маданиятынын деңгээлин көтөрүү.
  6. Акциянын милдети

3.1.      Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мугалимдердин, студенттердин, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана коомчулуктун көңүлүн учурда өтө олуттуу болгон сабаттуу жазуу көйгөйүнө буруу.

3.2.      Бардык каалоочуларга сабаттуулугун текшерүүгө шарт түзүү.

3.3.      Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу аркылуу сабаттуу жазууну учур талабына айлантуу.

“Сабаттуу бол” акциясынын урааны – “Сабаттуу болуу – заманбап жашоонун талабы!”.

  1. Акцияны өткөрүү шарттары

4.1. Акция жат жазуу түрүндө өткөрүлөт. Катышуучуларга акцияны өткөрүп жаткан мекеменин мөөрү басылган кагаздар таратылат. Текст үч жолу угузулат. Биринчи тексттин маанисин түшүнүү жана пунктуациялык белгилерди коюу үчүн окулат. Экинчи жолу жат жазуу үчүн окулат. Үчүнчү жолу каталарды оңдоо үчүн окулат.

4.2. Жат жазуу белгилүү инсандар тарабынан окулат.

4.3.      Жат жазуунун тексттери катышуучуларга  алдын ала берилбейт. Акцияга бардык каалоочулар катыша алышат.

4.4.      Жат жазуулар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилет. Комиссиянын курамы Бишкек шаарында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан, ал эми аймактарда областтык жана жергиликтүү администрациялар тарабынан түзүлөт. Комиссия окутуучу-профессордук курамдан, ЖМК өкүлдөрүнөн, мамлекеттик тилде үлгүлүү иш алып барган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерден ж.б. түзүлөт.

4.5.      Жат жазуунун жыйынтыгы купуя код аркылуу mamtil.kg сайтына жайгаштырылат. Сабаттуу жазган катышуучу жеңүүчү деп табылып, диплом менен сыйланат.

  1. Акцияны өткөрүү тартиби:

5.1       Бишкек шаарында 2019-жылдын 15-майында өткөрүлөт. Акцияга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, бала бакча, мектеп мугалимдери жана ЖОЖдун окутуучу-профессорук курамы, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ж.б. бардык каалоочулар  катыша алышат. Бишкек шаары боюнча акцияны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өткөрөт.

5.2       Аймактарда 2019-жылдын 15-майында областтык администрациялар жана шаардык мэриялар өткөрөт жана жыйынтыгын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга 2019-жылдын 27-майына чейин берет.

Эскертүү: “Сабаттуу бол” акциясы жөнүндө жобо Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтына жана “Кыргыз тили”, “Эркин тоо”, “Кут билим”, “Тил жана маданият” гезиттерине жарыяланат.

Акция КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.

Байланыш телефону: 0312 315773, 315840, 0551996517 (Сезим Толукбаева)

Дареги: Бөкөнбаев көчөсү, 182

Бөлүшүү

Комментарийлер