“САБАТСЫЗ БОЛУП ТУРУП, ЭРКИН БОЛУУНУ КААЛАГАН ЭЛДИН ОЙЛОГОНУ ИШКЕ АШПАЙТ”

  • 07.12.2021
  • 0

“Креативдүү мектептер”, “Икигай”, “Фин керемети” китептерин чет тилинен кыргызчага которуп, окурмандарга сунуштап келаткан Бакыт Абдуллаев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “Жаратман” чыгармачылык борборунун «Адамдыкка сапар» дилмаек сериясында конокто болду.

Иш-чара  “Глобалдык атаандаштык үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” деген темада болуп, заманбап билим берүүнү өздөштүрүү боюнча кенен маалыматтар айтылды.

Баланы туура тарбиялоо, мектептин билим берүү системасы, кесипкөй адис болуу тууралуу мотивациялык түшүнүктөр берилип, тренер менен студенттер эркин форматта суроо-жооп менен темага байланыштуу маалыматтарды талкуулашты.

Белгилей кетсек, Бакыт Абдуллаев учурда “Китепстан” басма үйүнүн директору, китеп дүйнөсүнө көптөгөн окурмандарды чакырып, кызыктуу, ары креативдүү китептерди кыргыз тилине которуп, өлкөнүн билим берүү чөйрөсүнө чоң салым кошуп келүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер