С.ЖАПАРОВ: “ТУУБУЗ –АТА-БАБАЛАРДЫН ИЗИ, КАЙРАТ-КҮЧҮ ЖАНА ДЕМИ»
- 11.09.2026
- 0
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанаттуу аземине катышты. Бул маанилүү иш-чара өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. 
Туу – элдин сыймыгы жана ыйык аманат
Салтанаттын жүрүшүндө Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берип, Мамлекеттик гимндин коштоосунда Кыргыз Республикасынын желеги көтөрүлдү. Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров туубуз – эл-жер үчүн канын-жанын арнаган ата-бабалардын изи, кайрат-күчү жана деми туюнтулган ыйык таберик экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы желек желбирегенде ар бир жарандын жүрөгүндө мекенчилдик сезим ойгонуп, «Бул – менин Мекеним! Бул – менин аманатым!» деген жоопкерчилик турушу керектигин айтты. Бабалардан калган жерди, тилди жана нарк-насилди сактап калуу – ар бирибиздин негизги милдетибиз.

Эгемендик сабактары жана биримдик
Президент өлкөнү бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн негизги шарты — элдин биримдиги жана биргелешкен эмгек экендигине токтолду. “Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык соңку тарыхы бизге чоң сабактарды калтырды. Түркүн сыноолорду баштан кечирдик, жаңылдык-жаздык, ийилдик, бирок сынган жокпуз. Эң башкысы – өткөндөн сабак алып, элдүүлүгүбүздү чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз”, — деди өлкө башчысы. Коомдун биримдиги гана жашоону жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Билимдүү жаштар – өнүккөн Кыргызстандын тиреги
Өлкө башчысы өз сөзүндө жаштардын билимине жана келечегине өзгөчө басым жасады. Бул багытта ал: “Биздин мүдөөбүз – билимдүү жаштардын катарын көбөйтүп, ар бир үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеним менен кароосуна шарт түзүп берүү менен өнүккөн Кыргызстанды түптөө!” – деп билдирди. Дал ушул билимдүү жана мекенчил муун өлкөнүн жаркын келечегин куруучу негизги күч болуп саналат.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров элди биримдикке, эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактоого жана ар бир жаранды өзүнүн ак мээнети менен Мекенге болгон сүйүүсүн далилдөөгө чакырды. Улуттук баалуулуктарды жана жакшы салттарды бекем сактаганда гана кийинки муунга күчтүү жана татыктуу мамлекет калтырууга мүмкүн экендиги айтылды.
А.К., «КБ»