С.ЖАПАРОВ АЛДЫДАГЫ ИШ-ЧАРАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТАРТЫЛГАН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРДИ

  • 29.08.2026
  • 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күч түзүмдөрүнүн даярдыгын текшерди. С.ЖАПАРОВ АЛДЫДАГЫ ИШ-ЧАРАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТАРТЫЛГАН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРДИГарнизондук бөлүштүрүүгө Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, прокуратура органдарынын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, салык жана бажы кызматтарынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин 15 миңге жакын кызматкери катышып, «Коопсуздук» комплекстүү иш-чарасынын алкагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти. С.ЖАПАРОВ АЛДЫДАГЫ ИШ-ЧАРАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТАРТЫЛГАН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРДИ

Мамлекет башчысы күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин баяндамаларын угуп, өздүк курамды жана атайын техникаларды, атап айтканда тез жардам унааларын, реанимобилдерди, радиобайланыш каражаттарын, дрондорго каршы мылтыктарды, көчмө рентген аппараттарын, металл издегичтерди, суу чачуучу атайын унааларды, ошондой эле атчан жана кинологиялык бөлүктөрдү көрүп чыкты. С.ЖАПАРОВ АЛДЫДАГЫ ИШ-ЧАРАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТАРТЫЛГАН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРДИӨз сөзүндө Садыр Жапаров эл аралык маанидеги иш-чараларда Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун сактоо башкы милдет экенин белгилеп, күч түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө, жарандарга сылык жана ыкчам мамиле кылууга чакырды. С.ЖАПАРОВ АЛДЫДАГЫ ИШ-ЧАРАЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУГА ТАРТЫЛГАН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРДИ

Президент ошондой эле күч түзүмдөрүнүн материадык-техникалык базасын чыңдоо, айлык-маянасын жогорулатуу жана социалдык колдоону кеңейтүү багытында иштер жүргүзүлүп жатканын айтып өттү. «Өнүгүүнүн эң биринчи шарты – темирдей бекем тартип! Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек! Андайларга ырайым болбойт! Өлкөбүздүн күчү – биримдигибизде жана ынтымагыбызда!» — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы жана иш-чаранын соңунда бардык кызматкерлерге татаал жана жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер