СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ КАДРЛАР РЕЗЕРВИН ТҮЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
- 29.06.2023
- 0
Cүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Жеке арызы;
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- Өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- Паспорттун көчүрмөсү;
Документтер ачык конкурс жарыяланган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде иш күндөрү саат 18:00го чейин кабыл алынат.
Дареги: Сүлүктү шаары, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү (Раззаков көчөсү №2)
Байланыш телефондору: 0 (3653) 5-00-84, 0773 17 02 90
Талаптар боюнча толугураак маалымат — https://edu.gov.kg/announcements/264/
Бөлүшүү
Комментарийлер