С.ДАНИЯРОВДУН КФ КЕЗЕКТЕГИ СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

  • 26.09.2023
  • 0

С.Данияровдун коомдук фонду Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарында эмгектенген мугалимдер үчүн кезектеги республикалык «Биринчи мугалим» сынагын жарыялады.

Белгилүү коомдук ишмер, м.и.д., академик Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун аталган сынагы коомдук фонддун негиздөөчүсү жана жетекчиси, Асель Даниярованын демилгеси менен быйыл 12-жолу жарыяланып олтурат. Эки тур менен өткөрүлүүчү сынактын биринчи турунда элет жериндеги мектептерде эмгектенген башталгыч класстын мугалимдери фонддун уюштуруу комитети белгилеген темада дилбаян жазышат. Сынактын экинчи турунда дилбаян жазууда эң жогору упай алган алты катышуучу оозеки түрүндө таймашып, ошол эле күнү калыстар тобунун ачык баалоосу менен үч жеңүүчү аныкталат.

Сынактын жалпы жыйынтыгында эң көп упай топтогон жеңүүчү фонддун баш байгесине ээ болуп, Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалыматтык саякатка барат. Ал эми алдыңкы үч орунду ээлеген мугалимдер класстагы окуучулары менен бирге эс алуу күндөрүнө туштап Бишкек шаарына экскурсияга келишет.

Мына ушундай ары кызыктуу, ары пайдалуу саякаттардын натыйжасында мугалимдер жана окуучулар борбор калаанын кооз-кооз жерлерин кыдырып, театр-музейлерге барышат.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай саякат учурунда мугалимдер өз көздөрү менен тарыхый жерлерди көрүп, музей-театрларга барып, кызыктуу окуяларга бай жолугушууларга күбө болушат.

2023-2024-окуу жылына жарыяланган сынактын темасы: «Эмгек миграциясы жакшыбы же жаманбы?» деп аталат. Мында айылдагы мектептерде иштеген мугалимдер эмгек миграциясы жөнүндө өздөрүнүн көз карашын баяндап берүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, 2022-2023-окуу жылында өткөн сынакта баш байгени Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлүмкан Турганбаева жеңип алып, Москва шаарына 10 күнгө саякатка барып келди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер