«РУХ ОРДОГО» САЯКАТ ЖАНА НЕПТУН КҮНҮ
- 30.06.2026
- 0
«Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу» республикалык жайкы фестивалдын ар бир күнү катышуучулар үчүн унутулгус көз ирмемдерге жана жаңы ачылыштарга бай болууда. Иш-чаранын төртүнчү күнү да өзгөчө программа менен коштолду.
Маданияттын жана биримдиктин очогуна саякат
Күндүн биринчи жарымында фестиваль катышуучулары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан атактуу «Рух Ордо» тарыхый-маданий борборуна экскурсияга барышты. Борбордун аймагында сейилдеп, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана улуу инсандары тууралуу абдан кызыктуу, таасирдүү маалыматтарды алышты.

«Рух Ордонун» эң негизги өзгөчөлүгү — андагы дүйнөлүк беш негизги динди айкалыштырган ак түстөгү беш капелла (чиркөө/мечиттер) болду. Катышуучулар ар бир динге байланышкан баалуулуктар, алардын символдору менен таанышып, бул жай улуттар аралык достуктун жана диндердин биримдигинин чыныгы үлгүсү экенине дагы бир ирет ынанышты.
Көлдүн жээгиндеги шайыр «Нептун күнү»
Ушул эле күндүн экинчи жарымында катышуучуларды дагы бир кызыктуу шоу күтүп жаткан эле. Алар Ысык-Көлдүн жээгинде салттуу «Нептун күнү» майрамына күбө болушту.

Бул шайыр жана жагымдуу иш-чараны «Исламий» жана «Ассоль» ансамблдери жогорку деңгээлде уюштурушту. Майрамдын алкагында өзгөчө образдар жана костюмдар көрсөтүлдү. Ошондой эле «Шаттык», «Ассоль», «Ариет» үлгүлүү бий ансамблдери аткарган бийлери көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачты. Ал эми Оштон келген Бахтияр Токторбаев италия ырларынан созолонтуп, жүрөктөн түнөк таап, сонун музыкалык номерди аткарды.

Жаш таланттардын өнөрү катышуучуларга унутулгус эмоцияларды жана позитивдүү маанай тартуулаганын айтпай коюуга болбойт.
Күүнүн эпкини менен коштолгон кеч
Күндүн соңунда, кечки убакта катышуучулар салтка айланган дискотекага барышты. Күндүзгү алган таасирлерин ортого салып, заманбап хит ырлардын коштоосунда бийлеп, шайыр мүнөттөрдү өткөрүп, көңүл ачып жатышат.

Фестиваль өз максатына жетип, жаштардын башын бириктирип, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде уланууда.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»
Сүрөттөр Олег Коженковдуку.



















Комментарийлер