РОСТОВ ОБЛУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОШТУДА БОЛДУ

  • 30.08.2023

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамын утурлай Ош шаарына келген делегациялардын өкүлдөрү Ош технологиялык университетинде болушту.

РОСТОВ ОБЛУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОШТУДА БОЛДУ

ОшТУга Россия Федерациясынын Ростов облусунун Кыргыз Республикасындагы соода палатасынын өкүлү Сабуров Станислав Николаевич жетектеген делегация келип, Ростов облусу менен билим берүү жана илим тармагында эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууга ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Т.Акматалиев, Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика боюнча башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Ө.М.Азизбеков, ОшТУнун илим бөлүмүнүн башчысы Г.С. Исраилова ж.б. катышты.

А.Эргешова,

ОшТУнун басма сөз катчысы.

Бөлүшүү