РОССИЯНЫН ТЕАТРАЛДЫК ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ КАБЫЛ АЛУУНУ БАШТАДЫ

  • 02.03.2023
  • 0

РОССИЯНЫН ТЕАТРАЛДЫК ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ КАБЫЛ АЛУУНУ БАШТАДЫ

Бишкекте Россиянын театралдык искусство институтуна (ГИТИС) кыргызстандыктарды кабыл алуу башталды. Каалоочулар актердук искусство, магистратурага, театралдык искусство (театрдын режиссурасы жана театрдын сценографиясы адистиги) жана ассистентура-стажировка багытына тапшыра алышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Россия кызматташтыктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, РФ өкмөтүнүн квотасы боюнча кыргызстандыктар үчүн россиялык жогорку окуу жайларга 700 орун берилген. Анын отуз беши чыгармачылык багыттарга бөлүнгөн. Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң мыкты театралдык институтка (ГИТИС) тапшыруу үчүн дагы 18 орун кошулган.

Зульхарнеевдин айтымында, Щепкин атындагы жогорку театралдык училищеде үч жылдан бери кыргыз студиясы иштеп жатат. Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстандан атайын курс алынган.

«Буга кошумча, ГИТИС студенттерди сахналык искусство боюнча факультеттин жаңы багыттарына кабыл алууну сунуштады. Бул Кыргызстандагы театралдык искусствонун өнүгүшүнө чоң түрткү болмокчу. Мындай нерсе 40 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. 1983-жылы ГИТИСтеги улуттук кыргыз курсунун акыркы бүтүрүүчүлөрү окууну аяктаган. Эми кыргызстандыктар кайрадан кабыл алына баштады. Алар сахналык искусство факультетинин атайын курсунун өзөгү болуп калышат», — деди Зульхарнеев.

Ч.К., «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер