РОССИЯНЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНДЕ 30 ОРУН   

  • 16.01.2023
  • 0

РОССИЯНЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНДЕ 30 ОРУН   

Россиянын Экономикалык жогорку мектебине 30 кыргызстандык бекер окууга тапшыра алат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Россиянын Улуттук изилдөө университети Жогорку Экономика мектеби менен биргеликте бизнес жана экономика боюнча эл аралык бакалавриат программасына кабыл алууну жарыялады. «Кабар» маалымат агенттигине Каржы министрлигинен билдиришкендей, студенттер өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде квоталык орундарга сынактын негизинде кабыл алынат. Андан сырткары каалоочулар контракттык  негизде да тапшырса болот.

Окуу жайда бакалавриатта окуунун мөөнөтү төрт жыл. Окуу гибриддик формада болот: биринчи курс – Жогорку Экономика мектебинин Пермь кампусунда, экинчи жана андан кийинки курстар – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында, Бишкек шаарында окутулат. Сабактардын форматы — күндүзгү жана онлайн. Бүтүрүүчүлөр Жогорку экономика мектебинин мамлекеттик дипломун алышат.

Окууга тапшыруу үчүн ушул жылдын март айында Бишкек шаарында өтө турган орус тили жана математика боюнча кирүү экзамендерин тапшыруусу зарыл.

Экзамендин жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 30 абитуриент кабыл алынат. Аларга стипендия төлөнөт жана Пермь шаарында окуу мезгилинде бардык студенттер ыңгайлуу жатакана менен камсыз болот.

Абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн 2023-жылдын 2-февралында саат 17.00дө Бишкек шаарында ачык эшик күнү өтөт. Анда бизнес жана экономика боюнча эл аралык бакалавриат программасы, кабыл алуунун тартиби жана окуунун шарттары тууралуу толук маалымат алууга болот. Ошондой эле Жогорку экономика мектебине кирүүнү каалагандардын бардыгына документтерди тапшыруу жана кирүү экзамендерине катталуу боюнча кеңеш берилет. Кыргызстандын аймактарында жашагандар үчүн онлайн байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ачык эшик күнүнө катышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча катталуу керек https://forms.gle/mzoqW3v1RhSXD1Yi9

2-3-февралда бизнес жана экономика боюнча Эл аралык бакалавриат программасына талапкерлер үчүн сыноо тести өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн https://forms.gle/ZZZLm8S1VFmD4CJi9 катталуу керек.

Эгерде окуу жайга тапшыруу жана ачык эшик күнүнө катышуу боюнча суроолор болсо, Дмитрий Кашинге WhatsApp, Viber, Telegram (тел. +7 964 188 7000) аркылуу же [email protected] электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер