РОССИЯНЫН АГРОТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН 30 ГРАНТТЫК ОРУН БӨЛДҮ

  • 29.07.2020
  • 0

Россиянын Якутск шаарындагы агротехникалык университети кыргызстандык абитуриенттерди билим алууга чакырат.

Университет 2020-2021-окуу жылында Кыргызстан үчүн күндүзгү жана сырттан окуу формалары боюнча 30 бюджеттик орун бөлдү.

Кирүү сынактары 10-14-август күндөрү дистанттык технологияларды колдонуу менен Modle платформасы аркылуу өтөт.

Документтерди кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлөт:

  • Университеттин http://www.agatu.ru/ сайтындагы веб-тиркеме аркылуу – “Абитуриенттин жеке кабинети АГАТУ” (http://www.agatu.ru/postupi/).
  • Борбордук кабыл алуу комиссиясынын электрондук дареги аркылуу [email protected].
  • Эл аралык жана региондор аралык бөлүмдүн электрондук дареги аркылуу [email protected].

Агротехникалык университет Россиянын түндүгүндө жайгашкан окуу жай болуп, айыл-чарбанын бардык багыты боюнча адистерди даярдап чыгарат.  Окуу жайда 514 студентке ылайыкташкан жатакана, илимий лабораториялар, китепкана, спорт комплекси жана ипподрому бар.

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги гранттык орундар боюнча кабыл алууну жүргүзбөйт. Бардык суроолор боюнча жогоруда көрсөтүлгөн электрондук даректерге кайрылып же окуу жайдын расмий сайты аркылуу маалымат алууга боло турганын эскертет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер