ҮРКҮН ОКУЯСЫНА 110 ЖЫЛ: БМУДА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 04.11.2026

4-ноябрда академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына карата «1916-жыл: кыргыз элинин боштондук үчүн күрөшү» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. ҮРКҮН ОКУЯСЫНА 110 ЖЫЛ: БМУДА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Иш-чаранын негизги максаты — Үркүн окуясынын тарыхый себептерин, жүрүшүн жана кесепеттерин терең изилдөө, элибиздин улуттук-боштондук күрөшүнүн тарыхый маанисин ачып берүү, ошондой эле улуттук эс тутумду сактап, тарыхый мурасты келечек муунга жеткирүү болуп саналат. ҮРКҮН ОКУЯСЫНА 110 ЖЫЛ: БМУДА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Конференциянын илимий бөлүгүндө тарых илимдеринин кандидаттары, профессорлор, окутуучулар жана студенттер баяндама жасашты. Анда Үркүн окуясынын тарыхый архивдик документтерде чагылдырылышы, көтөрүлүшкө жаңыча тарыхый баа берүү жана анын кыргыз совет адабиятындагы көркөм чагылдырылышы өңдүү маанилүү темалар козголду. ҮРКҮН ОКУЯСЫНА 110 ЖЫЛ: БМУДА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Иш-чаранын адабий-музыкалык бөлүгүндө катышуучуларга Үркүн трагедиясын, элдин оор тагдырын жана энелердин арман-кайгысын чагылдырган «Ажар» аттуу театралдаштырылган спектакль тартууланды. Конференциянын соңунда жыйынтык чыгарылып, илимий баяндамалардын негизги корутундулары белгиленди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү