ҮРКҮН: ЭСКЕРҮҮ ЖҮРҮШҮ

  • 01.08.2023
  • 0

2023-жылдын 10-12-август күндөрү “Эсимде”  Тосор коому менен бирге “Үркүн – 1916” эскерүү жүрүшүнө барат. Өткөн жылы “Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн уюштуруп, 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына зыярат кылган.

 

ҮРКҮН: ЭСКЕРҮҮ ЖҮРҮШҮ

Жүрүштүн негизги максаттары — колониализмдин курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды эскерүү, 1916-жылдагы окуяларга байланышкан эс тутум жайларын коомдук эс тутумда актуалдаштыруу.

Бул трагедияны коомдун аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү жана бул окуяларга байланышкан эс тутум жайларын изилдөө.

  • Эскерүү жүрүшүндө максималдуу түрдө 1916-жылдагы Үркүн жолдорун камтыганга аракет кылуу.
  • Иш-чаранын маршруту Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тараптарын камтып, Сырт ашууларын камтыйт.
  • Жүрүшкө жарандык активисттер, окумуштуулар, медиа өкүлдөр жана жергиликүү тарыхчылар катышат.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер