РФ КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН КАЙРЫЛУУСУН КАРАП ЧЫГАТ

  • 08.09.2020
  • 0

7-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугуп, учурдагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандык студенттерде пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү талкуулады.

Жолугушууда КР элчиси кыргызстандык жарандардын Орусияга тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү жана туруктуу аба каттамдарын жандантуу бүгүнкү күндүн зарыл маселеси экенин белгиледи. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко бул маселе мамлекеттик органдардын кароосунда экенин, көйгөй кыргызстандык 16 миң студентке гана эмес, Казакстан, Өзбекстан жана башка КМШ өлкөлөрүнүн 70 миңдей студентине тиешелүү экенин айтып, чет мамлекеттерден келип Орусияда окуп жаткан 300 миң студенттин баарына бирдей жалпы жобо иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

РФ окуу жайларында окуган 500гө чамалуу студент жана алардын ата-энелери 7-сентябрда президенттик аппараттын башчысына кайрылуу жолдошкон. Алар Орусияда дистанттык окутуу жокко чыгарылганын, 1-сентябрдан тартып кадимкидей окуу башталганын билдирип, өлкөгө кирүүгө көмөктөшүүсүн аппарат башчысынан суранышкан.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусия 18-марттан тартып, чет өлкөлүктөр үчүн чек арасын жапкан. Пандемия басаңдаган убакта COVID-19 вирусуна коркунучсуз айрым өлкөлөр менен аба каттамдарын жандантып, алардын жарандарына өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген. Ал тизмеге Кыргызстан кирген эмес.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер