РФ КЫРГЫЗСТАНДА 9 МЕКТЕП КУРУУ КЕЛИШИМИН ЖАКТЫРДЫ
- 08.08.2023
- 0
Россия Федерациясынын Өкмөтү “Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Жалпы билим берүү уюмунун ишмердүүлүгүнүн шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” федералдык мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага киргизилгендигин РФ расмий жарыялады.
Макулдашуунун негизинде бардык облустарда жана Бишкек жана Ош шаарларында долбоордук кубаттуулугу 1224 орунга чейинки 9 биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык этап-этабы менен куруу каралган.
Макулдашууга ылайык, мектептер Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзөт жана окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө эки үлгүдөгү күбөлүктөрдү — Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аттестаттары берилет.
А.К.
Комментарийлер