Режиссёр Актан Арым Кубат Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалер наамын алды
- 28.08.2023
- 0
Кинорежиссёр Актан Арым Кубат Франциянын маданият министрлигинин искусство жана адабият орденинин кавалер наамын алды. Бул тууралуу 28-августта кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова инстаграм барагында жазды.
Ага ылайык, 1957-жылы Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн түзүлгөн бул сыйлык саналуу гана адамдарга ыйгарылары айтылат.
«КР Эл артисти Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссёру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон. Анын “Свет аке” тасмасы да “Режиссёрлордун эки жумалыгы” программасында Канн кинофестивалынын катышуучусу болгон», — деп жазган Төлөмүшова.
Комментарийлер