РЕСПУБЛИКАНЫН МЕКТЕПТЕРИ ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТӨТ

  • 15.12.2022
  • 0

Жетим балдар үчүн интернат тибиндеги мекемелеринен тышкары, менчиктин бардык формаларында жана типтеринде окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары, 2022-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин онлайн окутууга өтөт.

РЕСПУБЛИКАНЫН МЕКТЕПТЕРИ ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТӨТ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде 2022-жылдын 15-декабрындагы № 01-9/16701 менен катталган Санитардык көрсөтмөнү жетекчиликке алып, мектеп окуучуларынын арасында сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына жол бербөө максатында окутууну онлайнга өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттар 2022-жылдын 16-декабрынан 30-декабрына чейин онлайн окуйт.

Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

—          аралыктан билим берүү технологияларын, видео-сабактарды, электрондук ресурстарды жана платформаларды пайдалануу менен жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү процессин онлайн форматта уюштуруу;

—          мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жана жалпы билим берүү программаларын базистик окуу пландарына ылайык толук көлөмдө ишке ашырууга.

Бөлүшүү

Комментарийлер