КУАУ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИН ӨТКӨРДҮ

  • 25.11.2026

24-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 1-курс студенттерин  кабыл алуунун салтанаттуу аземи болуп өттү. КУАУ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИН ӨТКӨРДҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө алгач Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. КУАУ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИН ӨТКӨРДҮ

Салтанаттын алкагында Григорий Айказович Балян атындагы стипендияларды тапшыруу аземи өткөрүлүп, университеттин ардактуу профессорлору жана окууда, коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн алдыңкы студенттер сыйланышты. КУАУ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИН ӨТКӨРДҮ

Ошондой эле студенттер өздөрүнүн жетишкендиктери жана университеттин коомдук турмушуна катышуусу тууралуу ой бөлүшүштү.

Иш-чара филармониянын артисттеринин жана университеттин студенттеринин катышуусундагы маданий-концерттик программа менен коштолду.

Бул салтанат биринчи курстун студенттери үчүн университеттик жашоонун жаңы этабын баштаган өзгөчө маанилүү окуя болду. КУАУ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУ АЗЕМИН ӨТКӨРДҮ

Бөлүшүү