РЕСПУБЛИКАЛЫК ЫКЧАМ ШТАБДЫН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

  • 08.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү облустарда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканы, анын кесепетинен адам өлүмү катталып жатканын билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймактарындагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы медициналык мекемелердин курулушу, ошондой эле бул саламаттык сактоо уюмдарын жабдуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары медициналык жабдууларды сатып алуу,  дары-дармектин, жеке коргонуучу каражаттардын запасын камсыз кылуу боюнча маселелер каралды.

Тармактык мамлекеттик органдарга зарыл чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча ишти тездетүү милдеттендирилди.

Ошондой эле жер-жерлерде эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө, адам өлүмүнө жол бербөө жана медициналык мекемелердин жалпы даярдыгы боюнча тапшырмалар берилди.

Республикалык штабдын отурумуна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Эркин Асрандиев жана Аида Исмаилова катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер