РЕСПУБЛИКАЛЫК ШТАБ: МЕКТЕПТЕРДЕ САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕЛЕР ТАК САКТАЛЫШЫ КЕРЕК

  • 02.09.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын мектептеринде санитардык эрежелер так сакталышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул окуу жылдын башталышында 1-класстын окуучулары гана кадимке режимде, мектепте билим ала башташты.

Өкмөт башчы мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктап, аларга окуудагы жетишкендиктерди каалады.

«Коронавирус инфекциясына байланыштуу жаңы окуу жылында окууну аралыктан өтүүдө мектеп окуучуларынын, ата-энелердин жана мугалимдердин алдында жаңы чакырыктар турат. Пандемия турмуштун бардык чөйрөлөрүнө, анын ичинде окутуу процессине түзөтүүлөрдү киргизди. Бул жаңы ыкмаларды, пайдалуу көндүмдөрдү жана билим берүү системасына жаңы көз карашты талап кылат. Окуучуларга албан ийгиликтерди каалайм, билим алууга, илим жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө умтулуп, жигердүү жана аткаруучулук жөндөмдү арттыргыла дегим келет», — деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык кырдаал дагы талкууланды. Белгилүү болгондой, өлкө боюнча бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Айрым облустарда медициналык мекемелерди оңдоп-түздөө иштери аяктаса, кээ бир райондордо курулуш иштери бүтүү алдында турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер