РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV  ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

  • 23.03.2022
  • 0
 РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV  ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 23-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV (республикалык) этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болду. Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, бардык катышуучуларга олимпиададагы ийгиликтерди каалады.

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН IV  ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Олимпиаданын IV (республикалык) этабында III (облустук) этапта алдыга озуп чыккан 324 окуучу төмөндөгү предметтер боюнча таймашып жатышат: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.

Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыл сайын конкурстан (тендер) өткөн көз карандысыз уюмду ишке тартуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, ошондой эле анын аймактык органдары жана жалпы билим берүү уюмдары тарабынан өткөрүлүп келет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соңку 2 жылдан бери олимпиаданын IV этабы өткөрүлбөй келген. Ошол эле учурда окуучуларды колдоо максатында III этап жыйынтыктоочу этап болуп эсептелип келген.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер