РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН III ТУРУНУН АДМИНИСТРАТОРЛОРУ ҮЧҮН ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ
- 19.02.2026
- 0
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте 2025–2026-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III (облустук) этабын уюштуруу боюнча администраторлор үчүн тренинг өткөрдү. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын 26-27-февралында өтөт.

Тренингге Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова катышты.
Тренинг администраторлордун кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталды. Алардын негизги милдети — олимпиаданын катышуучулары тапшырмаларды аткаруусу үчүн оптималдуу жана тең шарттарды түзүү. Бул өлкө боюнча облустук этапты өткөрүүнүн бирдиктүү стандартын камсыз кылат.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер