РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИНЧИ ТУРУНА 27 МИҢДЕЙ ОКУУЧУ КАТЫШАТ

  • 18.12.2019
  • 0

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын 2-туру 19-20-декабрь күндөрү өтөт. Ага өлкөнүн бардык мектептеринде өткөн олимпиаданын 1-турунда 1-2-3-орунду алгандар катышат. Бул окуучулардын саны — 26 983.

Билим берүү жана илим министрлиги олимпиаданын экинчи турунун тапшырмаларын түзүү үчүн биринчи жолу көз карандысыз уюмду тартты. Буга чейин мындай тажрыйба сынактын облустук жана республикалык этаптарында колдонулган.

Мурда олимпиаданын 2-туру үчүн тапшырмаларды райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү даярдашса, эми көз карандысыз эксперттер тарабынан даярдалган бирдиктүү тапшырмалар бир мезгилде (19-20-декабрь) сынак үчүн жооптуу кызматкерлердин электрондук даректерине жөнөтүлөт.

Олимпиаданын 2-туру эки этап менен өтөт – практикалык жана теориялык. Ал өлкө боюнча бир мезгилде —  саат 10:00дө башталып, ар бири төрт саатка чейин созулат.

Ар бир тур жыйынтыкталгандан кийин жооптуу кызматкерлердин электрондук даректерине калыстар үчүн баалоо критейлеринин инструкциясы жөнөтүлөт.

Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өтөт: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Республикалык олимпиаданын экинчи турун өткөрүү жоопкерчилиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жүктөлгөн. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги аймактык түзүмдөрдү тиешелүү олимпиаданы өткөрүү жана ар бир предметтер боюнча талаптардын инструкцияларын жөнөткөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер