РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ҮЧҮНЧҮ ЭТАБЫНА ЭКИ МИҢДЕЙ МЕКТЕП ОКУУЧУСУ КАТЫШУУДА

  • 24.03.2021
  • 0

Бүгүн, 24-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды. Олимпиада Бишкек, Ош шаарларында, областтык борборлордо өтүп жатат. Ага жалпысынан экинчи этапта 1-2-орундарды алган 1 988 мектеп окуучусу катышууда.

Олимпиадалык тапшырмаларды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору иштеп чыккан. Олимпиада өтчү жерлерге атайын окутулган лидерлер жана администраторлор барышкан.

Олимпиаданы уюштурууга жоопкерчилик Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарына, ошондой эле областтык билим берүү институттарына жана методтикалык борборлорго жүктөлгөн.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер