ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: ТИЛ ҮЙРӨНГҮЛӨ, ӨНҮККҮЛӨ, ӨСКҮЛӨ!

  • 26.03.2024
  • 0

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейде республикалык окуучулардын олимпиадасынын 4-этабынын ачылыш аземинде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды куттуктап, ийгилик каалады.

«Урматтуу окуучулар!
Бүгүн эң чоң майрам, эң чоң жарыш, бул жакка мыктылардын мыктылары тандалып келдиңер! Эң башкысы жеңүүчү эмес, катышуу! Силер бардыгыңар жеңүүчүсүңөр, себеби айылдан баштап Бишкекке чейин бардык баскычтардан өтүп келдиңер. Бүгүнкү күндө силердин эң мыкты окууңарга шарт түзүлүп жатат. Эң башкы нерсе силердин ийгилигиңер. Турмушта силер күтпөгөн ийгиликтер, көп жаңылыктар болот. Силер бардык өзгөрүүлөргө даяр болушуңар керек, ошону менен катар бардыгыңар лидер болуу менен бирге коммуникациялык эң жогорку компетенттүүлүккө ээ болушуңар керек! Бул санариптик  жана лингвистикалык компетенттүүлүк. Мен ойлойм, Кыргызстандын тагдыры силердин колуңарда болсо, өзүңөрдүн тагдырыңар өзүңөрдүн колуңарда. Силер өзүңөрдүн тагдырыңардын устасысыңар. Бүгүнкү күндө дүйнө ачык, кайсы жакка барам десеңер ошондой чоң мүмкүнчүлүккө шарт түзүлүп жатат. Биз 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатабыз, көпчүлүгү коркуп жатат, дагы бир жыл окуйбузбу деп.  Жок, андай эмес. Эмне үчүн дегенде силердей билимдүү балдардын бардыгы дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү системасына тоскоолдуксуз өтсүн деп жатабыз. Тил үйрөнгүлө, өнүккүлө, өскүлө! Бардыгыңарга ийгилик каалайм!»ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: ТИЛ ҮЙРӨНГҮЛӨ, ӨНҮККҮЛӨ, ӨСКҮЛӨ!

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: ТИЛ ҮЙРӨНГҮЛӨ, ӨНҮККҮЛӨ, ӨСКҮЛӨ!

 

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер