РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 21.12.2020
  • 0

14-16-декабрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясында “Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” Республикалык математика олимпиадасынын акыркы туру болуп өттү. Олимпиаданы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы уюштурган.

“Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” олимпиадасы – бул биздин өлкөбүздүн мектеп окуучуларынын билимин баалоо менен гана чектелбестен, так илимге, технологияга жана ойлоп табууга болгон каалоосун ырааттуу билим берүү траекториясына айлантууга мүмкүнчүлүк түзүү менен, окуучуларыбызга Кыргызстандагы STEM-билимди жигердүү жайылтуунун инновациялык мамилеси. Аталган олимпиада өлкөбүздө 14 жылдан бери өтүп келе жатат. Олимпиада таланттуу балдарды аныктоо, региондордо алардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жактан өзүн өстүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле, окуучулардын математикалык жана интеллектуалдык жөндөмүн колдонуу менен келечектеги кесибин тандоодо чечим кабыл алышына жардам берүүнү көздөйт.

Кыргызстанда бул жылы коронавирус пандемиясы менен шартталган карантинге байланыштуу чектөөлөр олимпиаданын форматына түзөтүүлөрүн киргизип, олимпиада онлайн тестирлөө түрүндө өттү. Тилекке каршы, интернеттин жай болушу менен техникалык кыйынчылыктардын айынан аймактардан балдардын бардыгы катыша алышкан жок.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймактарынан РМОго катышуучулардын саны 1876 окуучуну түздү. Аймактык турдан 47-60 упай топтогон 616 жарым финалисттин ичинен  171 катышуучу финалга өттү. РМОнун жеңүүчү жана байге ээси катары курч атаандаштыктын жүрүшүндө төмөнкү балдар: I орунду Сдельникова Мария (Чүй обл., Бишкек ш.) жана Кайыпов Адиль (Чүй обл., Бишкек ш.); күмүш медалдын ээлери: Айжигитов Санжар (Чүй обл., Бишкек ш.), Каледина Анастасия (Чүй обл., Бишкек ш.), Маннанов Исроил (Жалал-Абад обл., Баястан айылы) болушту; ал эми РМО колосун жеңип алышкандар: Суйундуев Акбар (Чүй обл., Бишкек ш.), Увалиев Нурсултан (Ысык-Көл обл., Каракол шаары), Закирова Назик (Ысык-Көл облусу) болду. Таймаштын жеңүүчү жана байге ээлери дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышып, мындан тышкары бардык катышуучулар сертификатка ээ болушту.

Байгелүү орундарга ээ болгон балдарды куттуктоо менен, аларга жаңы ийгиликтерди жана келечекте жеңиштерге ээ болууларын каалайбыз!

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер