РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

  • 08.01.2021
  • 0

 5-январда жалпы билим берүү мектептеринин 9-11-класстарынын окуучулары үчүн Республикалык математика боюнча олимпиадасынын экинчи жыйынтыктоочу баскычы болуп өттү. Олимпиаданы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Швед математикалык мектеби биргеликте уюштурган.

Олимпиаданын биринчи онлайн туруна өлкөнүн бардык аймактарынан 9009 окуучу катышкан. Финалга 70 окуучу чыккан.

Бардык иштер өлкөнүн көрүнүктүү математиктеринен турган комиссия тарабынан текшерилип, Олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды.

Белгилей кетүүчү нерсе, окуучулардын билдирүүлөрү боюнча тапшырмалар өтө кызыктуу жана жетишерлик денгээлде татаал болгон.

Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргыз-Швед окуу-комплекси тарабынан уюштурулган Республикалык математика боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана сыйлык ээлери Эл аралык Жаутыков олимпиадасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө жана Кыргыз-Швед математикалык мектебинин Математика клубунда окуу үчүн грант алуу укугуна ээ болушат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН КЫРГЫЗ-ШВЕД МАТЕМАТИКАЛЫК МЕКТЕБИ БИРГЕЛИКТЕ УЮШТУРГАН, РЕСПУБЛИКАНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕПТЕРИНИН 9-11-КЛАССТАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН 2021-ЖЫЛДЫН 5-ЯНВАРЫНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЭКИНЧИ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ТУРУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ.

KSMSтин МАТЕМАТИКАЛЫК КЛУБУНДА АКЫСЫЗ ОКУУГА УКУГУ БАР ОКУУЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ТИЗМЕСИНЕ КИРГЕН ОКУУЧУЛАР

РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

Олимпиада жыл сайын ачык жана бекер өткөрүлүп турат.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер