РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК “ОКУУ КИТЕБИ” БОРБОРУ ЭКСПЕРТТЕРГЕ ЖАНА АВТОРЛОРГО СЕРТИФИКАТТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

  • 26.12.2022
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борборунун директору Курбанова Чынаранын катышуусу менен авторлорго, илимий эксперттерге жана мугалимдерге тастыктама тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК “ОКУУ КИТЕБИ” БОРБОРУ ЭКСПЕРТТЕРГЕ ЖАНА АВТОРЛОРГО СЕРТИФИКАТТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

Семинар-тренингге бардыгы 77: илимий, илимий-практикалык эксперттер, мугалим-апробаторлор жана ОМКнын авторлору катышып, анын ичинен тестти  ийгиликтүү тапшырган 39 эксперт, 14 авторлор жана борбордун кызматкерлери сертификат алышты. Эксперттер семинардын маанилүүлүгүнө токтолуп, экспертизаларды окутулган критерийлер боюнча  предметтик стандарттарга ылайык, илимий, илимий-практикалык мазмунга тууралап өткөрүүгө жана жаны талаптарга жооп берген ОМКларды апробациялоого даяр экендигин билдиришти.

Жаңы муундун окуу китептеринин   талаптарына жооп берген заманбап мазмундагы китептерди даярдоого авторлордун салымы өтө чоң. Андыктан авторлор, эксперттердин сунуштарын, толуктоолорун, пикирлерин эске алуу менен, ОМКнын мазмунун жакшыртууну айтышты.

Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борбору семинар-тренингден өтүп, сертификатка ээ болгон эксперттер жана авторлордун тизмесин толуктоо максатында, келерки жылы окутуу семинарларын өткөрүү менен бирге эксперттердин базасын окумуштуулар, авторлор, практиктер менен кеңейтүү пландалды.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК “ОКУУ КИТЕБИ” БОРБОРУ ЭКСПЕРТТЕРГЕ ЖАНА АВТОРЛОРГО СЕРТИФИКАТТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

КР Билим берүү жана илим министрлигинин  2022-жылдын 24-июнундагы “Окуу-усулдук комплекстердин потенциалдуу авторлору, апробатор-мугалимдер жана эксперттер үчүн илимий-педагогикалык жана илимий экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө” № 1260/1 буйругунун негизинде семинар-тренингдерди 2022-жылдын 27-июнунан 7-июлга чейин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте өткөрүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер