РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭТАПКА ТОГУЗ БАЛА ЧЫКТЫ

  • 22.04.2026
  • 0

Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясынын алдындагы балдарга жана өспүрүмдөргө билим берүү борборунун базасында “Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам-2026” аттуу республикалык сынактын облустук туру жыйынтыкталды.

Бул иш-чара Чүй облусунун бардык райондорунан келген таланттуу балдардын башын бир аянтчага бириктирип, достукту бекемдөөгө, ынтымакты чыңдоого чоң өбөлгө түздү. Сынакка өз райондорунан жеңип чыккан окуучулар катышып, өз өнөрлөрүн, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жана мекенге болгон сүйүүсүн көрсөтүштү. Бул иш-чара жаш муундардын мекенчилдик сезимин ойготуп, улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө багытталды. Облустук иш-чарага жалпысынан 99 катышуучу катышты. Атап айтканда, Панфилов районунан 11 катышуучу, Токмок шаарынан 15 катышуучу, Чүй районунан 15 катышуучу, Аламүдүн районунан 9 катышуучу, Москва районунан 13 катышуучу, Сокулук районунан 12 катышуучу, Кемин районунан 12 катышуучу, Ысык-Ата районунан 4 катышуучу жана Жайыл районунан 8 катышуучу вокал, музыкалык аспаптарда ойноо, бий номинациялары боюнча өз өнөрлөрүн сынашты. Алардын өнөрлөрү 7–11 жаш, 12–14 жаш жана 15–17 жаш курактык категорияларга бөлүнүп, сыйлыктар да ошого жараша берилди.

Сынактын бекитилген жобосуна ылайык, биринчи орунду ээлеген катышуучулар республикалык этапка жолдомо алышты. Натыйжада Чүй облусунун намысын коргоого 9 жеңүүчү тандалды. Алсак, вокал боюнча 7-11 жаш категориясында Москва районунан  Акынбеков Семетей, 12-14 жаш категориясында Кемин районунан Идирисова Полина, 15-17 жаш категориясында ошол эле Кемин районунан Жумакадырова Айбийке мыкты деп табылса, бий боюнча 7-11 жаш категориясында Панфилов районунан Уранова Айлин, 12-14 жаш категориясында Сокулук районунан Тутуева Аделя, 15-17 жаш категориясында ошол эле Сокулук районунан Мамадинова Диана өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Ал эми музыкалык аспапта ойноодо 7-11 жаш категориясында Кемин районунан Табалдиев Нурэль,12-14 жаш категориясында Сокулуктан Чоробаев Бекнур, 15-17 жаш категориясында да сокулуктук Шаршекеева Алина калыстардын жогорку баасына арзышты.

Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине дипломдор ыйгарылды, ал эми калган катышуучулар активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышты.

Гүлбара БАЙЧУБАКОВА,

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер