РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 1200 МЕКТЕПКЕ 25 МИҢДЕН АШУУН КОМПЬЮТЕР БЕРИЛЕТ

  • 15.09.2020
  • 0

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектеп компьютердик жабдыктар менен камсыздалат.

Долбоор билим берүү жараянын өнүктүрүүгө шарт түзүү жана мугалим менен окуучулардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.

Долбоордун жардамында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар пайда болот. Ар бир класста 15тен компьютер (25 200 даана компьютер эмерек менен), бирден көп функционалдуу жабдык (сканер, принтер, көчүрүү модулу — 1200 даана) жайгашат. Ушул эле мектептерде өзгөчө математика жана табигый илимдер предметтери боюнча кошумча электрондук материалдар менен сабак өтүгө мүмкүндүк берген 6 мультимедиялык (проектор, компьютер, ups) класстар ачылат.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жана 8 педагогикалык колледж да компьютердик класстар пайда болот.

Ошондой эле долбоордо технологиялар аркылуу окутууну колдоо — табигый-илимий циклдеги предметтерге басым жасоо менен мектептин санариптик мазмунун (контент) түзүү каралган. Кыргыз жана орус тилдеринде математика жана табигый-так илимдер предметтерине басым жасоо менен (физика, химия, биология) башталгыч жана орто мектептерде бардык предметтер боюнча электрондук форматттагы окуу материалдары түзүлөт жана которулат. Окуу материалдарынын 70%ы кыргыз тилинде болот.

Мындан сырткары окуучулардын билимин баалоонун эл аралык программасына катышуу (PISA), балдарды окутуунун натыйжалуулугун, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында табигый илимдер предметтерин окутуу методикасы жана ИКТ компетенттүүлүгүн жогорулатуу курстарынан 36 миң педагог өтөт.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер