РЕКТОРДУН КУБОГУ: ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ
- 11.10.2024
- 0
Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Баткен мамлекеттик универ
ситинде «Ректорунун кубогу» мелдеши өттү.
“Ректордун кубогу” мелдеши спорттун жети түрү боюнча өткөрүлдү. Окуу жайдын ректору Айдарбек Гыязовдун айтымында, жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара университтин үй-бүлөсүн спорт жана командалык дух аркылуу бириктирет. Быйылкы мелдештер футбол, волейбол, ордо, теннис жана башка спорттун түрлөрү боюнча уюштурулду.
Жыйынтыгында, жалпы командалык упай боюнча 1- орунду СГЭИ, 2-орунду КГПИ, 3- орунду КТЭУИ, 4- орунду БатМУнун башкы мекемесинин командасы камсыз кылды.
Жеңүүчүлөрдү БатМУнун ректору баш болгон институттун директорлору, проректорлор куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Спорттун ар бир түрү боюнча 1-2-3-орундарду ээлегендерге жана мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Спорттук иш-чаранын максаты — БатМУнун окуу түзүмдөрүндөгү профессордук-окутуучулук курамы арасында спорт менен машыгууга жана сергек жашоого үгүттөө.
Ректордун кубогуна арналган спорттук иш-чара быйыл бешинчи ирет өткөрүлдү.
Комментарийлер