РАЙОНДУК СОТТО КАРАЛГАН ИШТЕРДИН ЭҢ КӨБҮ КОРРУПЦИЯ ЖӨНҮНДӨ

  • 25.07.2022
  • 0

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 339 кылмыш иши каралып, анын ичинен 57 өзгөчө оор категориядагы кылмыш иштери болду.

44 кылмыш иш боюнча жазанын айып түрү колдонулду. 10 кылмыш иш боюнча 16 адам эркинен ажыратылып, бир айыпталуучу өмүр бою түрмөгө кесилди.

Ошондой эле эки кылмыш иш боюнча актоо чечими чыкты, бир кылмыш иши тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн прокурорго кайтарылды.

Каралган иштердин эң көбү — 46 —  коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери. Терроризм боюнча бир, киши өлтүрүү боюнча беш кылмыш, баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу боюнча  төрт кылмыш иши каралды.

Бөлүшүү

Комментарийлер