РАЙОНДУК СЕМИНАР
- 16.11.2023
- 0
16-ноябрда Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде «Физика сабагын окутууда санариптик технологияны колдонуу» деген аталышта физика мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү.
Анда мугалимдер физика сабагын окутуунун орчундуу маселелерин талкууга алышты. Санариптик технологияны колдонуунун айрым ыкмаларын пайдалануу боюнча ой- пикирлер ортого салынды. Ошондой эле аталган мектептин мугалимдери Жолдошова Турдукан жана Тотоева Наргизалар сабак өтүшүп, иш-тажрыйбалары жайылтылды. Семинардын катышуучулары колдо жасалган көрсөтмө куралдардын көргөзмөсү менен таанышты.
Узен АТАКАНОВ, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер