Расул АВАЗБЕК уулу: «МЕКТЕПТЕ УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУ КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛУУ БОЮНЧА СУНУШТАР ТҮШҮҮДӨ»

  • 15.12.2023
  • 0

Курултайдын биринчи күнү эле Билим берүү жана илим министрлигинин дарегине 190 дон ашуун  кат жүзүндөгү кайрылуулар түшкөн.

Расул АВАЗБЕК уулу: "МЕКТЕПТЕ УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУ КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛУУ БОЮНЧА СУНУШТАР ТҮШҮҮДӨ"

— Биринчи күндү жыйынтыктап жатабыз. 117 киши кайрылды. 190 ашуун кат жүзүндөгү кайрылуулар түштү. Делегаттар билим берүү мекемелеринин, бала бакчалардын, окуу китептеринин, окуу куралдарынын  жетишсиздигин айтып жатышат. Андан сырткары, билим берүүнүн мазмуну боюнча мисалы, Адеп сабагын киргизсек деген сунуштар болду. Мектепте телефонду колдонууга тыюу салуу боюнча да сунуштар түшүүдө, – дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу.

Расул Авазбек уулунун айтуусунда,  сунуштарды кабыл алуу эртең дагы саат 9дан баштап уланат жана мыйзамга ылайык 14 жумуш күндүн ичинде жооп берилет.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер