РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ: “ЭНЕ ТИЛИН БИЛҮҮ – МИЛДЕТ, АЛ ЭМИ КӨП ТИЛДИ ҮЙРӨНҮҮ МАКСАТ БОЛУШ КЕРЕК”

  • 25.02.2023
  • 0

24-февралда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыкты жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чара өттү.

РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ: “ЭНЕ ТИЛИН БИЛҮҮ –  МИЛДЕТ, АЛ ЭМИ КӨП ТИЛДИ ҮЙРӨНҮҮ МАКСАТ БОЛУШ КЕРЕК”

Иш-чара алгач “Тилиңди сакта, дилиңди сатпа” театрлаштырылган прологу менен башталды.

Салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КР Президентинин Администрациясынын  изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу болүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти Раимжан Курбанов, коомдук уюм жана фонддордун, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер жана окуучулар катышты.

Президентинин Администрациясынын  изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу болүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев

“Тил аркылуу маданиятыбыз, салтыбыз, тарыхыбыз атадан балага, энеден кызга өтүп отурат. Биздин жүрүм-турумубуз, адеп-ахлагыбыз тил менен калыптынат. Тилди сүйлөп коюу менен гана ага пайда келтире албайбыз. Биз канчалык тилибизди колдонсок, сүйсөк, сүйлөсөк ошондо гана тилибиз өнүгөт. Тил коргоого эмес, колдонулууга муктаж”, — деди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу эне тил улут уңгусун кармап турса, көп тил билүү канат бутакты кеңири жаюуга мүмкүндүк берерин айтты.

“Дүйнө калкынын 40% өзү түшүнгөн, өзү сүйлөгөн тилде билим алуу мүмкүнчүлүгү жок. Тил маданияттар аралык байланышты эле камсыздабастан, билим берүүнүн сапатына туздөн-түз таасир этүүчү күчкө ээ. Эне тилин билүү милдет, ал эми көп тилди үйрөнүү максат болуш керек”, — деди Расул Абазбек уулу.

Иш-чаранын жүрүшүндө акындар Алтынбек Исмаилов, Гүлзада Станалиева, Аида Эгембердиева, Кенжегул Усупбай уулу жана Нуркыз Рыскул кызы эне тил жөнүндө ыр окушса, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери ар улуттун тилинде макал-лакаптарды айтышты.

Ал эми  “Сейтек” улуттук балдар чыгармачылыгы борборунун талантуу балдары күү чертип, бий бийлешти.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каты менен сыйлангандар:

  1. “Сейтек” улуттук балдар чыгармачылыгы борбору;
  2. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик;
  3. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  4. Кыргызстандын эл аралык университети;
  5. Ош мамлекеттик университети;
  6. Чүй облустук билим берүү институту;
  7. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык акдемиясы;
  8. Кыргыз-Түрк  “Манас” университети;
  9.  “Ала-Тоо” эл аралык университети;
  10. К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университети;

**********

  1. Момолдорова Динара  Сатылгановна- №25 кесиптик лицейдин мугалими;
  2. Шокеева Гульнара Жумалиевна – Бишкек шаарынын №72 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими;
  3. Бишкек шаарындагы №22 мектепке чейинки билим берүү уюму;
  4. Исмаилов Алтынбек — акын;
  5. Станалиева Гүлзада — акын;
  6. Аида Эгембердиева — акын;
  7. Нуркыз Рыскул кызы —  акын;
  8. Кенжегул Усупбек уулу – мугалим;
  9. Макеева Кундуз Турдубековна  – Б Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучусу.
Бөлүшүү

Комментарийлер